• Башкы бет
  • Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өттү деген шек менен Өзбекстан Республикасынын жараны кармалд
11:26, 2021-ж., 18-октябрь

Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өттү деген шек менен Өзбекстан Республикасынын жараны кармалд

Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өттү деген шек менен Өзбекстан Республикасынын жараны кармалд

14-октябрда Кыргыз Республикасынын УКМК Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз кирүү жана легалдаштыруу каналдарын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталып жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, жасалма документтерди колдонуп, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн, Өзбекстан Республикасынын жараны кармалды.

Өзбекстан Республикасынын жараны “Ю.М.У.” Оруссия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарынан КР Ош шаарына учуп келгенде, “М.А.Ю.” аттуу КР жаранынын паспортун көрсөткөн.

Кармалган “Ю.М.У.” КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул факт боюнча КР УКМК тарабынан КР Жазык кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүгү (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш иши башталды.         

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын расмий документтерин мыйзамсыз даярдоо каналына тиешеси бар кызмат адамдарына карата тиешелүү комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чараларыны жүргүзүлүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...