• Башкы бет
  • Айыл чарба азыктарын экспорттоо жаатындагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө айып тагылды
11:24, 2021-ж., 18-октябрь

Айыл чарба азыктарын экспорттоо жаатындагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө айып тагылды

Айыл чарба азыктарын  экспорттоо жаатындагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө айып тагылды

Кыргыз Республикасынын УКМК айыл чарба азыктарын ЕАЭБ өлкөлөрүнө ташуу жол -жоболорун талдоо учурунда айыл чарба  азыктарын өлкөнүн чегинен тышкары жактарга экспорттоого тоскоолдуктарды түзгөн кызмат адамдарынын жана жеке компаниялардын туруктуу тобу аныкталды. 

Анын натыйжасында айыл чарба өндүрүүчүлөрү ЕАЭБ өлкөлөрүнө продукциянын үзгүлтүксүз өтүшү үчүн кызмат адамдарына жана логистикалык компанияларга ири суммадагы акча төлөөгө мажбур болушууда.

Иликтөөнүн жыйынтыгында, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана региондук өнүгүү министрлигинин айрым кызматкерлери, бул коррупциялык схеманы уюштурган логистикалык компаниянын өкүлдөрү, ошондой эле “Дордой Дыйкан” базарынын директору «С.Э.М» кармалып, жоопко тартылды.

Кармалгандарга карата сот тергөө бүткөнгө чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады. УКМК бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо жана жоопко тартуу боюнча ишин улантууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...