• Башкы бет
  • Өлкөдө 1,5 миллиондон ашык адам коронавируска каршы эмделди
11:19, 2021-ж., 18-октябрь

Өлкөдө 1,5 миллиондон ашык адам коронавируска каршы эмделди

Өлкөдө 1,5 миллиондон ашык адам коронавируска каршы эмделди

Коронавируска каршы республикалык штабдын расмий эсебине ылайык, 18-октябрга карата жалпы 1 592 155 адам эмдөөдөн өттү. Анын ичинде 905 650 адам вакцинанын 1-дозасын, ал эми 686 505 адам эки дозасын тең алды.

Өлкөдө COVID-19 илдетине каршы акысыз эмдөө быйыл март айынын аягында башталган. Эмдөө Кытайдын Sinopharm, Орусиянын "Спутник V", COVAX программасы менен келген Европанын AstraZeneca вакцинасы менен жүрүп жатат.

Кыргызстандын Республикалык иммунопрофилактика борбору октябрь айында 420 миң дозадай вакцина келе турганын билдирген. Маалыматка караганда, ушул айда AstraZeneca, Pfizer, Sinopharm вакциналары жеткирилет.

Коронавируска каршы республикалык штабдын маалымантына караганда, өлкөдө бул ооруга чалдыккандар 2020-жылдын март айынан бери 179 845 кишиге жетти. Алардын 2634ү көз жумуп, 174 646сы айыкты.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...