• Башкы бет
  • Зиядин Жамалдинов Ноокаттагы билим берүү мекемелери менен таанышты
11:12, -ж., 18-октябрь

Зиядин Жамалдинов Ноокаттагы билим берүү мекемелери менен таанышты

Зиядин Жамалдинов Ноокаттагы билим берүү мекемелери менен таанышты

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов кезектеги иш сапары менен Ноокат районуна барды.

Иш сапарынын алкагында аймактагы билим берүү мекемелеринин кышка даярдыгы менен таанышты. Ош облусунун башчысы мектеп жана бала бакчалар сапаттуу көмүр менен камсыз болушу керек деп билдирди.

“Билим берүү мекемелеринин баары көмүр менен камсыз болушту. Аларга жеткирилген көмүрдүн сапатын да жеке өзүм көзөмөлгө алам. Сапатсыз көмүр менен же белгиленген көлөмдөн аз көмүр болбошу керек. Биз балдарыбыздын кышында билим алуусу үчүн шарт түзүшүбүз керек”,-деди Зиядин Жамалдинов

Ошондой эле курулушу жүрүп жаткан жана токтоп турган билим берүү мекемелери менен таанышып, алардын курулушун улантууга каражат маселесинде аракеттер жүрүп жатканын айтты.

Мындан сырткары, иш сапарынын алкагында Ноокат районунун тургундары менен жолугушуп, көйгөйлүү маселелерин угуп, тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...