• Башкы бет
  • Баткенде мыйзамсыз жүк ташыгандар кармалды
11:08, 2021-ж., 18-октябрь

Баткенде мыйзамсыз жүк ташыгандар кармалды

Баткенде мыйзамсыз жүк ташыгандар кармалды

16-октябрда саат 13:00 чамасында Баткен районунун Чоң-Кара айылы тарапта мыйзамсыз жүк ташып бара жаткан адамдар кармалды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн укук тартип, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Мусурманбек Турсуматов билдирди.

Маалыматка караганда, чек арачылар «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Унаанын ичинен Тажикстанда тигилген 280 даана кимоно табылды. Кармалган унаа жана кимонолор Кызыл-Бел бажы постунда жайгаштырылды. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...