• Башкы бет
  • Рустам Жапаров ЕЭКтин маалымат технологиялар департаментинин башчысынын орун басары болуп дайындалды
21:16, -ж., 15-октябрь

Рустам Жапаров ЕЭКтин маалымат технологиялар департаментинин башчысынын орун басары болуп дайындалды

Рустам Жапаров ЕЭКтин маалымат технологиялар департаментинин башчысынын орун басары болуп дайындалды

Жапаров Рустам Турдубекович кечээ, 14-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын маалымат технологиялары департаментинин жетекчисинин орун басары болуп дайындалды.

ЕЭКтин маалыматына караганда, Жапаров 1982-жылы 16-мартта Кыргызстанда төрөлгөн. КРнын Коргоо министрлигинде жана УКМКда ар кандай кызматтарда иштеген.

«Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борбордун» башчысынын орун басары болчу. КРнын маалымат системаларынын киберкоопсуздугун жана маалымат коопсуздугун камсыздоого багытталган бир катар долбоорлорго катышкан.

КРнын киберкоркунучтарды мониторингдөө улуттук системасын ишке ашыруунун 1-2-этаптарына катышкан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...