21:13, 2021-ж., 15-октябрь

Окуучуларга 22 предмет гана окутулат

Окуучуларга 22 предмет гана окутулат

Кыргызстандын мектептик жалпы билим берүү мамлекеттик стандартынын негизинде даярдалуучу Базистик окуу планына ылайык, өлкөнүн мектептеринде 22 предмет гана (1-класстан 11-класска чейин) окутулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ошол эле учурда окуучулар 1-класстан 11-класска чейинки предметтердин баарын толугу менен окушпайт: предметтердин кээ бир бөлүгү 1-класстан 4-класска чейин, кээ бири 5 же 7-8-класстарда башталат ж.б.

Ошентип, бир параллелдеги окуучу бир мезгилде окуй турган предметтердин мүмкүн болгон максималдуу саны 16дан ашпайт.

Тактап айтканда:

- 1-класстан 4-класска чейин окуучулар 8 предметти;

- 5-класстан 9-класска чейин 16 предметти;

- 10-класстан 11-класска чейин 15 предметти окушат.

«Эгерде 1-11-класстардагы бардык сабактардын суммасын орточо эсептеп, аларды параллелдердин санына бөлсөк, анда кыргызстандык окуучунун орточо сааттык жүктөмү 922 саатты түзөт. Бул биздин мамлекеттин кош тилдүүлүгүн (негизги эки тилдин — мамлекеттик жана расмий тилдер) эске алганда, ашыкча жүктөм болуп саналбайт.

Ошондой эле Кыргызстанда өзбек, тажик жана дунган калкы үчүн эне тилин үйрөнүүгө көңүл бурулганын, ошону менен бирге өзбек жана тажик тилдери гана кошулбастан, боордош элдердин адабиятын окутуу дагы кошулганын эске алуу зарыл», - деп айтылат министрликтин маалыматында.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...