• Башкы бет
  • Ошто мурунку милициясы кызматкери зордуктоого шектелип камалды
21:06, 2021-ж., 15-октябрь

Ошто мурунку милициясы кызматкери зордуктоого шектелип камалды

Ошто мурунку милициясы кызматкери зордуктоого шектелип камалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматы тарабынан жашы жете элек кызды зордуктоого шектелип, 25 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 12-октябрга караган түнү саат 01:00 чамасында Ош шаарынын 1996-жылы туулган тургуну О. уулу Э. калаадагы түнкү эс алуу жайларынын биринде 2006-жылы туулган кыз (мектеп окуучусу) менен таанышкан. Түнкү саат 03:00 чамасында Ош шаарынын Анар кичи районундагы үйлөрдүн бирине кызды унаасы менен алып барып, эркине каршы күч колдонуп зордуктаган.

Жабырлануучунун арызында көрсөтүлгөндөй, шектүү жаш кызга бычак такап коркутуп зордуктаган.

Атайын экспертиза корутундусунда жабырлануучу зордукталганын, кыздык белгиси жаӊыдан бузулганын тастыктады.

Кыз зордуктоого шектелип кармалган О. уулу Э. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кечээ, 14-октябрь күнү Ош шаардык соту тарабынан О. уулу Э.ни бир айга абакта кармоо боюнча санкция берилди.

Учурда Жазык кодексинин 161-беренесинин 3-пунктунун белгилери менен сотко чейинки өндүрүш ачылып, тергөө иштери уланууда.

Ошондой эле кылмышка шектүү мурун Ош облустук ички иштер башкармалыгында иштеп кеткени белгилүү болду.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...