• Башкы бет
  • Бир мандаттуу шайлоо округунан 381 адам талапкерлигин көрсөттү
12:00, 2021-ж., 14-октябрь

Бир мандаттуу шайлоо округунан 381 адам талапкерлигин көрсөттү

Бир мандаттуу шайлоо округунан 381 адам талапкерлигин көрсөттү

Кыргызстанда бир мандаттуу шайлоо округунан талапкер болуп катталуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз менен кайрылгандар 381 адам болду. Бул тууралуу Боршайком 14-октябрда билдирди.

Арыздарды кабыл алуу 13-октябрда жыйынтыкталган.

Талапкер болууну көздөгөн 381 адамдын 31и аял, 350сү эркек.

379 адам өзүн өзү көрсөтүп, 8ин жети саясий партия көрсөткөн.

Эң көп талапкер (19) Кадамжай шайлоо округунда, эң азы Ноокат (4) жана Өзгөн округдарында.

Баткенде үч округдан 40 адам (алардын төртөө аял), Ошто тогуз округдан 71 (төртөө аял), Ошто тогуз округдан 71 (үчөө аял), Жалал-Абадда жети округдан 63 (үчөө аял), Таласта эки округдан 17 (аялдар жок), Чүйдө алты округдан 73 (үчөө аял), Бишкек шаарында төрт округдан 38 (төртөө аял), Нарында эки округдан 31 (төртөө аял) жана Ысык-Көлдө үч округдан 48 (10у аял) адам арыз менен кайрылды.

Кыргызстанда быйыл 28-ноябрда парламенттик шайлоо өтөт. Шайлоонун жаңы эрежесине ылайык, пропорционалдык тутумдун негизинде бирдиктүү шайлоо округу боюнча 54, ал эми мажоритардык тутумдун негизинде бир мандаттуу округ боюнча 36 депутат шайланат.

Бир мандаттуу округдардан талапкерлерди каттоо 29-октябрда жыйынтыкталат.

Ал эми шайлоого бирдиктүү округдан партиялык тизме менен катышууну көздөгөн 73 партиянын арасынан 13-октябрга карата 23ү талапкерлеринин тизмеси аныкталганын маалымдашты. Алардан документ кабыл алуу 18-октябрда токтойт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...