• Башкы бет
  • Түркияда 31 жаштагы келинди өлтүрүүгө шектелип кайнатасы кармалды
11:55, -ж., 14-октябрь

Түркияда 31 жаштагы келинди өлтүрүүгө шектелип кайнатасы кармалды

Түркияда 31 жаштагы келинди өлтүрүүгө шектелип кайнатасы кармалды

Түркияда Кыргызстандын жаранын (31 жаштагы келин) мыкаачылык менен өлтүргөн деген шек менен анын кайын атасы кармалган. Бул маалыматты 12-октябрда жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жарыялады.

Окуя Текирдаа шаарында болгон. Маалыматтарга таянсак, 65 жаштагы Фехми менен 31 жаштагы келини А.Аяттын ортосунда чыр чыккан. Аят менен Фехминин уулу (окуя учурунда үйүндө жок болчу) 2 балалуу болушкан.

Уруш кол көтөрүүгө чейин жетип, Фехми келини Аятты бычактап өлтүргөн. Андан кийин бул ишин жашыруу максатында маркумдун денесин бөлүктөргө бөлүп, теңин таштанды челекке, теңин автоунаанын багажына каткан.

Ошол учурда маркум келиндин кайын энеси үйүнө барып, кошуналарын жардамга чакырган. Кошуналары полиция кызматкерлерине кайрылган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...