• Башкы бет
  • Ошто Төрөгелди Балтагуловдун 100 жылдык маарекеси белгиленди
11:03, 2021-ж., 13-октябрь

Ошто Төрөгелди Балтагуловдун 100 жылдык маарекеси белгиленди

Ошто Төрөгелди Балтагуловдун 100 жылдык маарекеси белгиленди

Бүгүн, 12-октябрда Ош шаарында коомдук ишмер Төрөгелди Балтагуловдун 100 жылдык маарекеси белгиленди. Иш-чара Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында уюштурулганын аймактык кабарчы билдирди.

Салтанаттуу иш-чарага Төрөгелди Балтагуловдун замандаштары, анын жакындары жана студенттер катышты.

Ош шаардык мэриясынын мамлекеттик тил боюнча жетектөөчү адиси Зуур Амирбековдун айтымында, Төрөгелди Балтагулов Ош облусунун аймагында иштеп, облустун экономикасынын өнүгүүсүнө салым кошкон.

«Ошол мезгилдин Төрөбай Кулатов сыяктуу коомдук ишкерлерине тете деп айтсак болот. Бүгүкү иш-чарага биз атайын Балтагуловдун замандаштары, ошол мезгилде чогуу иштеген ардагер жана ушул инсан жөнүндө билген кишилер чакырылды. Бүгүнкү иш-чаранын негизги максаты — мамлекеттик, коомдук ишкерлердин басып өткөн жолун, алардын жасаган жумуштарын, үлгү катары жаштарыбызга, коомчулукка көргөзүү», - деди Зуур Амирбеков.

Мааракенин алкагында Төрөгелди Балтагуловдун өмүр баяны жөнүндө кыска метраждуу тасма көргөзүлдү. Андан сырткары анын жакындары коомдук ишмердин жасаган иштери тууралуу айтып, өзүнүн кол жазмалары камтылган 250 нускалуу китептер келген конокторго акысыз таратылды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...