• Башкы бет
  • Ош шаары Санкт-Петербург менен 2021-2024-жылдарга карата кызматашууга кол коюшт
11:01, 2021-ж., 13-октябрь

Ош шаары Санкт-Петербург менен 2021-2024-жылдарга карата кызматашууга кол коюшт

Ош шаары Санкт-Петербург менен 2021-2024-жылдарга карата кызматашууга кол коюшт

11-октябрда Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев баштаган делегация Санкт-Петербург шаарына иш сапары менен барып, шаарыдын вице-губернатору - администрация башчысы Валерий Пикалев менен жолугушту.

Анын алкагында 2021-2024-жылдарга карата эки шаар соода-экономикалык, билим берүү, маданий-гуманитардык кызматташуу багытын камтыган программага кол коюшту. Ошондой эле, туризимди өнүктүрүү, саламаттык сактоо, инфраструктураны жакшыртуу жаатында тажрыйба алмашуу жөнүндө да камтылган.

Жолугушууда коомдук транспорт, таза суу, электр энергия менен камсыздоо, жарыктандыруу багытында ишке ашкан долбоорлор менен тааныштырылып, маалымат берилди.

Мындан тышкары, Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков Санкт-Петербург шаарындагы алдыңкы жогорку окуу жайларынын бири менен эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюшту.

Белгилей кетсек, Ош шаары Орусиянын Санкт-Петербург шаары менен 2004-жылдан бери достук мамиле түзүп, кызматташып келет.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...