• Башкы бет
  • УКМКнын экспедициялык тобу памирлик кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирди
10:59, 2021-ж., 13-октябрь

УКМКнын экспедициялык тобу памирлик кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирди

УКМКнын экспедициялык тобу памирлик кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирди

Афганистандын Улуу жана Кичи Памиринде жашап жатышкан этникалык кыргыздарга бул жылдагы гуманитардык жардамды 7-9-октябрь күндөрү УКМКнын экспедициялык тобу жеткирген.

Бул демилге президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ишке ашканын басма сөз кызматы 5-октябрда билдирген.

Памирлик кыргыздар үчүн 55 тонна ун, 14 тонна күрүч, 7 тонна кесме, 4000 литр өсүмдүк майы, 5 тонна туз, 10 тонна кумшекер сатылып алынган. Бул кыш мезгилинде азык-түлүк менен толук камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет.

УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, бул жылы Тажикстандын аймагынан коридор болбогондуктан, гуманитардык жүк биринчи жолу Афганистандын аймагынан өкмөт бекиткен тизме менен алынган. Жардамдын жалпы көлөмү 95 тоннага жетет.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...