• Башкы бет
  • Ошто мал уурулукка шектелгендерди видео тартып чыгарып жибергендер боюнча иликтөө башталды
10:54, 2021-ж., 13-октябрь

Ошто мал уурулукка шектелгендерди видео тартып чыгарып жибергендер боюнча иликтөө башталды

Ошто мал уурулукка шектелгендерди видео тартып чыгарып жибергендер боюнча иликтөө башталды

Ош облусунда мал уурулукка шектелип кармалган жарандарды видеого тартып, таратып жибергендер боюнча кызматтык иликтөө башталды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Социалдык тармактарга Өзгөн районунун эки тургуну мал уурдап, андан кийин Жалал-Абаддан кармалганы боюнча видео тасма тарап кеткен. Тасмада шектүүлөрдүн жүзү ачык көрүнүп калган.

«Бул маалымат бир нече ай мурун социалдык тармактарда берилген. Мал уруулукка шектелгендердин арасында жаш өспүрүмдөр да болгон. Видеосу эми социалдык тармактарга тарап жатат. Ким тартканы, качан тартылганы азыр белгисиз. Учурда ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык иликтөө башталды», - деди ОИИБдин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...