• Башкы бет
  • Чыры бүтпөгөн айыл аталышы: Айылдык кеңештин депутаттары Бабаш Уулу айыл аталышын өзгөртүштү
10:34, 2021-ж., 12-октябрь

Чыры бүтпөгөн айыл аталышы: Айылдык кеңештин депутаттары Бабаш Уулу айыл аталышын өзгөртүштү

Чыры бүтпөгөн айыл аталышы: Айылдык кеңештин депутаттары Бабаш Уулу айыл аталышын өзгөртүштү

Ош облустук ички иштер башкармалы Өзгөн районунун Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Бабаш Уулу айылынын жашоочуларынын чыры тууралуу маалымат берди.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, Дөң-Булак айылдык кеңешинин депутаттары 2021-жылдын 23-сентябрында кезектеги отурумда айылдын аталашын өзгөртүү боюнча маселе караган. Отурумга райондун акими Мурат Раматов, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн уюштуруу бөлүмүнүн башчысы К.Тутуев жана жергиликтүү 20 депутат катышкан. 20 депутаттын ичинен ону айылдын аталышын өзгөртүүгө макул болсо, 9 депутат өзгөртүүсүз калтыруу керектигин билдирген. Ал эми 1 депутат каршы добуш берген. Сессиянын жыйынтыгында Бабаш Уулу айылынын аталышын Достук айылы деп өзгөртүү тууралуу токтом кабыл алынган.

Бүгүнкү күндө райондук прокуратура тарабынан жогорудагы токтомдун мыйзамдуулугу каралып жатат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...