• Башкы бет
  • Бишкекте куралды мыйзамсыз сактаган жаран каралды
10:31, -ж., 12-октябрь

Бишкекте куралды мыйзамсыз сактаган жаран каралды

Бишкекте куралды мыйзамсыз сактаган жаран каралды

Бишкек шаарында ок атуучу куралдарды сактаган шектүү кармалды. Ал оор жана өзгөчө оор кылмыштарга байланыштуу издөөдө (жалпы 9 берене) жүргөнү тууралуу маалыматты бүгүн, 11-октябрда Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

28-сентябрда милицияга «Хасан» (өзгөртүлдү) аттуу киши ок атуучу курал сактап жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн. Жазык кодексинин 253-беренеси (куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен жүргүзүлгөн ыкчам иштердин алкагында шектүү — 1990-жылы туулган С.Ж. кармалды. Анын жанынан номуру өчүрүлгөн «ПМ» тапанчасы, 3 ок табылган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...