• Башкы бет
  • Оштогу батирден эркек кишинин жансыз денеси табылды
16:14, -ж., 11-октябрь

Оштогу батирден эркек кишинин жансыз денеси табылды

Оштогу батирден эркек кишинин жансыз денеси табылды

Бүгүн, 11-октябрда Ош шаарындагы батирден эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын куткаруучулары Масалиев көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачканы барышкан. Батирден 40-45 жаштагы эркек адамдын жансыз денеси табылды. Маркумдун жансыз денеси ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Эшикти ачууга 4 куткаруучу тартылган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...