• Башкы бет
  • Ноокатта 5 мугалим бараткан унаа кырсыкка кабылды
16:11, 2021-ж., 11-октябрь

Ноокатта 5 мугалим бараткан унаа кырсыкка кабылды

Ноокатта 5 мугалим бараткан унаа кырсыкка кабылды

Ош облусундагы Ноокат районуна караштуу Додон орто мектебинин беш мугалими бара жаткан унаа жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу «Турмуш»  басылмасына өздүк булактарына таянуу менен жазды.

Алдын ала маалымат боюнча, эки мугалимдин абалы өтө оор деп бааланууда. Алардын жакындары жергиликтүү жашоочулардан материалдык жардам сурап жатышат.

Бул маалыматты аталган мектептин директору Чолпонай Жолдошова тастыктады. Анын айтымында, окуя 8-октябрь күнү Ош—Баткен унаа жолунун аймагында, тактап айтканда Ноокаттын Төөлөс айылында катталган.

«Окуя жумуштан кийин кечки саат 19:00-20:00 чамаларынын ортосунда болгон. Унаада айдоочу менен кошо беш мугалим болгон. Мен окуя болгон күнү эле ооруканага барып, кабар алдым. Азыр да кабар алып жатам. Абалы жакшы. Бардык мугалимдер Кызыл-Кыя шаардык ооруканасында жатат. Үчөө сынык-жараат бөлүмүндө, экөө жандандыруу бөлүмүндө. Жандандыруу бөлүмүндөгү мугалимдер эс-учуна келип, кадимкидей сүйлөп калышты. Өзүбүздүн айылдагылар, мугалимдер каражат чогултуп, материалдык көмөк көрсөтүп жатабыз. Бир жакка бара жатканбы же келе жатканбы, менде так маалымат жок. Ар ким ар кандай варианттарды айтып жатат. Аны укук коргоо органдары териштирет», - деди Чолпонай Жолдошова.

Өздүк булактардын маалыматы боюнча, мугалимдер «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү унаада бара жатышкан. Алар каршы тилкеге чыккан жети орундуу унаа менен кагышып, кырсыкка кабылган.

Ал эми милиция кызматкерлери бул окуя боюнча тактоо жүрүп жатканын билдиришти.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...