10:13, 2021-ж., 11-октябрь

Социалдык фондго жаңы төрага келди

Социалдык фондго жаңы төрага келди

Социалдык фонддун төрагасынын милдетин аткаруучу болуп Арстанбек Абдуллаев дайындалды. Бул маалыматты «Tazabek» басылмасына ведомстводон тастыкташкан.

А.Абдуллаев 2021-жылдын майынан бери фонддун төрагасынын орун басары болчу.

Мурунку төрага Жаныбек Орозалиев ээлеген кызматынан бошотулганын саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирген.

«Мен аны кызматтан кетирдим. Анткени ал 24 саат бою иштегенди билбейт», - деген министр.

Кийинчерээк белгилүү болгондой, Ж.Орозалиев өз каалоосу менен арыз жазган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...