14:08
-ж., 29-февраль
Чечен өлкөсүнүн президенти Рамзан Кадыровдун улуу кызы — 22 жаштагы Айшат Кадырова республиканын маданият министри болуп дайындалды. Бул маалыматты аймактык комитеттин төрагасы Магомед Даудов жарыялаган.
Айшат Рамзановна Кадырова 1998-жылы 31-декабрда Чечен өлкөсүнүн Курчалоев районунда жарыкка келген. Чечен мамлекеттик университетин аяктап, 2016-жылдан бери «Firdaws» мода үйүнүн директору болуп келген. Ал эми мурунку жылдын сентябрында Чечен Республикасынын маданият министринин биринчи орун басары болуп дайындалган.
Комментарийлер