10:08, 2021-ж., 11-октябрь
Кадамжайда унаа кырсыгынан улам 3 жаран каза болуп, жетөө ооруканага жеткирилди
Баткендеги Кадамжай районунун Өзгөрүш айылындагы жол кырсыктан 3 адам каза болду. Кырсык кечээ, 9-октябрда саат 17:30 чамасында Кадамжай–Айдаркен унаа жолунун 25-чакырымында болгонун ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, «Тойота Авенсис» унаасы менен «Хонда Одиссей» унаасы кагышкан. Кырсыкка жалпы 10 адам учурап, анын ичинен 3 жаран көз жумду. Алар – 1974-жылы туулган М.М., 1965-жылы туулган А.Р. (аял киши), 1977-жылы туулган К.К. (аял киши). Ошондой эле кырсыктын кесепетинен 7 адам жабыркады. Алар – 1940-жылы туулган П.И., 1943-жылы туулган М.О., 1946-жылы туулган П.Х., 1955-жылы туулган А.А., 1960-жылы туулган А.И., 1948-жылы туулган М.Ы. (аял киши), 1963-жылы туулган Х.П. (аял киши). Каза болгон эркек адамдын жансыз денеси өлүк сактоочу жайга, ал эми жабыркагандар Айдаркен шаардык ооруканасына жеткирилди.
Куткаруу иштерине Кадамжай районунан 3 куткаруучу, тез жардам кызматы жана ИИМдин кызматкерлери тартылды.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
14:08
-ж., 29-февраль
14:04
-ж., 29-февраль
14:02
-ж., 29-февраль
14:01
-ж., 29-февраль
13:59
-ж., 29-февраль
13:55
-ж., 29-февраль
13:52
-ж., 29-февраль
13:49
-ж., 29-февраль
live comments feed...
Комментарийлер