• Башкы бет
  • Нарында өспүрүм кызын зордуктаган жаран кармалды
10:07, 2021-ж., 11-октябрь

Нарында өспүрүм кызын зордуктаган жаран кармалды

Нарында өспүрүм кызын зордуктаган жаран кармалды

Нарын облусунун Жумгал районунда өспүрүм кызын зордуктаган шектүү кармалды. Бул маалыматты ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, Жумгал РИИБдин башчысынын орун басары Р.Ж. билдирме менен кайрылган. Анда Жумгал районунун тургуну — 1967-жылы туулган С.Т. узак мезгилден бери 2008-жылы туулган кызы Т.Р.ны мажбурлап, жыныстык катнашта болуп жүргөндүгү боюнча маалымат алынганы айтылып, маалыматты толук кандуу текшерип, мыйзам чегинде чечим кабыл алууну сураган.

«Бул факт ушул жылы 21-сентябрда Жумгал РИИБдин электрондук каттоосуна алынган. Текшерүүнүн жүрүшүндө С.Т. 2010-жылы 1967-жылы туулган жубайы Ш.Э.ни өлтүргөндүгү боюнча сот жообуна тартылып, 2018-жылы жазасын өтөп чыкканы аныкталды. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында шектүү суракка алынды. Анын көрсөтмөсү боюнча, ал кызы менен 2021-жылдын июль айында 1 жолу жыныстык катнашта болгон. Буга чейин сексуалдык мүнөздөгү ыпылас аракеттерди жасаган. Ал эми өспүрүм Т.Р. атасы менен 2 жылдан бери жыныстык катнашта болуп келгендигин билдирген», - деп айтылат милициянын маалыматында.

Шектүү Жумгал райондук сотунун токтому менен эки айга, тактап айтканда 21-ноябрга чейин камакка алынды. Учурда тергөө иштери улантылып жатат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...