14:08
-ж., 29-февраль
Үрөн чарбалардын ишмердүүлүгү боюнча Ош облустук штабдын жыйын өттү.
Ош облусунун аймагында азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында 2022-жылдын түшүмү үчүн кылкандуу дан эгиндеринин күзгү себүүсүн жүргүзүү, өз мөөнөтүндө чараларды көрүү жана үрөн чалбалардын ишмердүүлүгү, алардын аткарып жаткан жумуштарын талкуулаган жыйын болуп өттү.
Иш-чарага КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ош облусунун аймагындагы үрөн чарба жетекчилери жана агрономдор катышты.
Штабдын жыйынында үч маселе каралды:
1.Үрөн чарбалардын ишмердүүлүгү
2. Райондордо 2022-жылдын түшүмү үчүн күзгү кылкандуу дан эгиндеринин күзгү себүүсүн өз убагында сапаттуу жүргүзүү
3. Сугат суу маселеси.
Комментарийлер