14:00, 2021-ж., 9-октябрь

Ноокат районунда вакцина түгөндү

Ноокат районунда вакцина түгөндү

7-октябрда Ош шаарында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашованын катышуусунда коронавирусту алдын алуу боюнча штабдын жыйыны өттү.

Жыйынга район акимдери, Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жетекчилери, Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ош шаарындагы, Ош облусундагы координаторлору катышууда. Ар бир райондон келген өкүлдөр калктын канча пайызы коронавируска каршы эмдөөдөн өткөнү тууралуу маалымат беришти.

Ноокат районунун акими Данир Иманалиев берилген вакциналардын баары түгөнгөндүгүн билдирди. Райондогу айрым айыл өкмөттөрдө калктын 20-24 пайызы гана эмдөөдөн өткөн. Вакцинанын жоктугунан учурда эмдөө токтоп калды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү Ноокат районуна дагы вакцина бериле турганын айтышты.

Жыйынга Саламаттыкты сактоо министрлигинен өкүлдөрү да онлайн катышты.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...