• Башкы бет
  • Өзгөндөгү 600 миң сомдук айып пулдун чоо-жайы
10:25, 2021-ж., 7-октябрь

Өзгөндөгү 600 миң сомдук айып пулдун чоо-жайы

Өзгөндөгү 600 миң сомдук айып пулдун чоо-жайы

Өзгөн райондук соту Байышбектин (аты өзгөртүлдү) жазык ишин карап чыгып, өкүм кабыл алды.

Ал Ош облусунун Өзгөн районунда 1982­-жылы туулган, билими орто, үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы, убактылуу эч жерде иштебейт. Мурда бир нече жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат. Бул жолу ал Жазык кодексинин 266-­беренесинин 2­-бөлүмүнүн 1­пункту (ээнбаштык) менен айыпталууда.

Тергөө органдарынын маалыматына караганда, Байышбек 2021-­жылдын 30­-майында саат 11:00 чамасында Өзгөн шаарынын борбордук базарынын алдындагы телефон сатуучу жайда өзүнүн шериги — Өзгөн районунун 1987­-жылы туулган тургуну Гүлжигит (аты өзгөртүлдү) менен чогуу Ош шаарынын 1993-­жылы туулган тургуну Жоомартбекти (аты өзгөртүлдү) ур-токмокко алып, денесине жараат келтирген.

Соттук отурумда айыпталуучу Байышбек күнөөсүн мойнуна жарым-­жартылай алып, көрсөтмө берди. Ал Өзгөн шаарындагы ресторандардын биринин жанына барган. Ал жакта таанышы Гүлжигит бейтааныш адам (Жоомартбек) менен спирт ичимдигин ичип отурган. Экөө тең мас абалда болгон. Ошол маалда экөө урушуп жатышкан. Айыпталуучу Байышбек алардан эмне болгонун сураганда, Жоомартбек мастыктын айынан ар кандай сөздөрдү сүйлөп, экөөнүн ортосунда да уруш чыккан.

Байышбек сотто Жоомартбекти адамдардын тобу менен бирге урбаганын, жабырлануучу милицияга арызды адамдардын тобу урган деп жазганын, бүгүнкү күндө жабырлануучу менен өз ара элдешүүгө жетишкендигин айтып, ошондуктан ага карата козголгон жазык ишти кыскартып берүүнү суранды.

Сотто жабырлануучу Жоомартбек дагы көрсөтмө берди. Анын айтымында, 2021­-жылдын 30­-май күнү болжол менен саат 11:00 чамасында Өзгөн районунун базарына иштери менен келген. Андан кийин арак сатып алуу үчүн дүкөнгө кирип, ал жерден Гүлжигит менен таанышып калган. Экөө ошол жерден арак ичип, масчылыктын айынан сөздөн­-сөз чыгып, уруша кетишкен. Гүлжигит аны башка 5-6 жолу урган. Ошол маалда Байышбек келип, эмне болгонун сураган. Аны менен дагы урушуп кеткен.

Жабырлануучу сотто Гүлжигит менен Байышбек экөөлөп урбаганын, эки башка уруш болгонун, айыпталуучу андан акча сурабаганын, бүгүнкү күндө алар менен өз ара элдешүүгө жетишкенин айтып, ошондуктан айыпталуучуга карата жеңилдиктерди берүүнү суранды.

Байышбек Жазык кодексинин 266­-беренесинин 1-­бөлүмү (ээнбаштык) менен күнөөлүү деп табылып, үч жылга эркиндигинен ажыратылды. Бирок Жазык кодексинин 83­-беренеси боюнча бир жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл колдонулуп, жаза өтөөдөн бошотулду.

Байышбекке өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча акыркы өкүм боюнча дайындалган жазага мурдагы өкүм боюнча дайындалган жазанын өтөлбөгөн бөлүгүн толугу менен кошуп, 600 000 сом айып салынды.

Жазалар өз алдынча аткарылмай болду.

Өкүмгө нааразы тараптар 30 сутканын ичинде Ош облустук сотуна апелляциялык тартипте даттанууга укуктуу.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...