• Башкы бет
  • Кара-Сууда милиция мыйзамсыз ок-дары жана курал-жаракты аныктады
10:17, 2021-ж., 7-октябрь

Кара-Сууда милиция мыйзамсыз ок-дары жана курал-жаракты аныктады

Кара-Сууда милиция  мыйзамсыз ок-дары жана курал-жаракты аныктады

Ош облусунун Кара-Суу районунда жардыруучу зат жана ок атуучу куралдар табылып алынды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, ушул жылы 30-сентябрда Кара-Суу РИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан ок атуучу курал-жарактарды мыйзамсыз алып жүргөн жарандарды аныктоо максатында ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Анын алкагында Кара-Суу районунун Савай айылында 43 жаштагы З.О. кармалган.

«Текшерүүнүн жүрүшүндө З.О.нун спорттук баштыгынан ок атуучу куралдар жана жардыруучу зат табылып алынган. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 253-беренесинин (куралды, ок дарыларды мыйзамсыз жүгуртүү) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө иштери уланууда», - деп айтылат маалыматта.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...