• Башкы бет
  • Айпери Медетбек кызы коло байгеге ээ болду
10:16, 2021-ж., 7-октябрь

Айпери Медетбек кызы коло байгеге ээ болду

Айпери Медетбек кызы коло байгеге ээ болду

Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызыНорвегияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду.

Ал 5-октябрда 76 кг салмакта 1/8 финалдык баскычтан баштаган.

Кыргызстандык балбан Болгария менен Россиянын спортчуларын ишенимдүү түрдө утуп, жарым финалга чыкты. Финалга чыгуу үчүн болгон беттеште ал эстониялык Эпп Мяэ менен беттешип, акыркы секундаларда чабуулду өткөрүп ийип, атаандашына жеңишти тарттырып жиберди.

6-октябрда Медет кызы коло медаль үчүн украиналык Анастасия Шустовага каршы күрөшүп, аны 12:1 эсебинде жеңип, коло медалдын ээси болду.

Бул медаль Кыргызстан үчүн турнирде төртүнчү болуп калды. Буга чейин Айсулуу Тыныбекова алтын, Эрназар Акматалиев күмүш жана Алибек Осмонов коло медалга ээ болгон.

76 кг чейин

1/8 финал

Айпери Медет кызы - Мария Оряшкова (Болгария) - 10:0

1/4 финал

Айпери Медет кызы - Марина Суровцева (Россия) - 10:0

1/2 финал

Айпери Медет кызы - Эпп Мяэ (Эстония) - 3:3, Мяэ жеңди

Коло үчүн күрөш

Айпери Медет кызы - Анастасия Шустова (Украина) - 12:1

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...