• Башкы бет
  • Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк чемпионатта алтын байге алды
12:12, 2021-ж., 6-октябрь

Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк чемпионатта алтын байге алды

Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк чемпионатта алтын байге алды

Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча дүйнө чемпиондугун катары менен экинчи жолу утуп алды. Турнир ушул күндөрү Ослодо (Норвегия) өтүп жатат.

62 килограммга чейинки салмактагы учурдагы дүйнө чемпиону 4-октябрда беттешин баштап, Япония, Беларусь жана Украинанын спортчуларын катары менен жеңип, финалга чыккан. 5-октябрда алтын үчүн болгон кармашта Тыныбекова килем үстүндө америкалык Кайла Миракел менен жолукту.

Кыргызстандык балбан аны 7:0 эсебинде жеңип, 2019-жылы Нур-Султанда (Казакстан) алган чемпиондук титулун коргоду.

Бул медаль Кыргызстан үчүн аталган турнирде үчүнчү болуп калды. Буга чейин Алибек Осмонов коло медалга ээ болсо, Эрназар Акматалиев күмүш медалдын ээси болгон.

62 кг чейин

1/8 финал

Айсулуу Тыныбекова — Нонока Озаки (Япония) - 6:4

1/4 финал

Айсулуу Тыныбекова — Вераника Иванова (Беларусь) - туше менен

1/2 финал

Айсулуу Тыныбекова — Илона Прокопевнюк (Украина) - 5:2

Финал

Айсулуу Тыныбекова — Кайла Миракл (АКШ) - 7:0

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...