• Башкы бет
  • Президент Садыр Жапаров мугалимдердин майрамы менен куттуктады
12:08, 2021-ж., 6-октябрь

Президент Садыр Жапаров мугалимдердин майрамы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров мугалимдердин майрамы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-октябрда мугалимдерди жана билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Төмөндө мамлекет башчынын куттуктоосу:

«Кымбаттуу мугалимдер!

Урматтуу окутуучулар жана билим берүү кызматкерлери!

Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен — Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Бүгүнкү күндө билим берүү дүйнө жүзүндөгү коомчулуктун өнүгүүсүндөгү эң негизги көрсөткүчтөрдүн жана приоритеттүү багыттардын бири.

Заманбап билим берүү — бул жөн гана билим топтоо эмес, бул окуучулардын аналитикалык жөндөмдүүлүгүн жана сынчыл ой жүгүртүүсүн өркүндөтүү, өзүнө жоопкерчилик алууга даярдоо экенине ынандым. Мындай жөндөмдүүлүктүн баарын биздин балдарыбызга мугалимдер үйрөтөт.

Мына ошондуктан ар бирибиз педагог — бул өлкөнүн тиреги экенин, аларсыз туруктуу коомду жана демократиялык мамлекетти курууга мүмкүн эместигин жакшы түшүнүшүбүз кажет.

Бүгүнкү күндө билим берүү кызматкерлерин колдоо жана билимдин кадыр-баркын калыптандыруу мамлекетибиздин артыкчылыктуу багыты болуп саналат. Өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн иш жүзүндө мугалимдерибиздин жогорку статуска жетишине кам көрүшүбүз зарыл. Биз мугалимдик кесиптин кадыр-баркын арттырууга ниеттенип жатабыз. Кыргызстан элинин сабаттуу болушун, жаштарыбыздын сапаттуу билим менен камсыздалышын кааласак, билим берүү кызматкерлеринин — мугалимдердин эмгегине көңүл бурууга мезгил келип жетти. Себеби, эртеңки келечегибиз мугалимдер окутуп жаткан балдардан көз каранды!

Учурда биз динамикалык мезгилде жашап жатабыз: илим өнүгүп, методдор өркүндөтүлүп, билим берүүнүн мазмуну жаңыланууда. Ошентсе да эң заманбап делген маалыматтык технологиялар дагы эч убакта мугалим менен болгон байланышты алмаштыра албайт.

Сиздердин ары түйшүктүү эмгегиңиздер берилгендикти, жан дүйнө асылдыгын, чыдамдуулукту жана балдарга болгон чексиз сүйүүнү талап кылат.

Биздин мугалимдер өлкөнүн келечеги болгон жаш муунду элибиздин каада-салттарына, руханий дөөлөттөрүнө таянып тарбиялашат. Окуучуларын билим чокусуна эле жетелебестен, инсандык сапаттарын калыптандырып, чыныгы мекенчил уул-кыздарды да өстүрүп чыгарышат.

Сиздердин жогорку кесипкөйлүгүңүздөр жана ак кызматыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдирем.

Дагы бир жолу майрамыңыздар менен урматтуу агартуучулар!».

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...