• Башкы бет
  • Ош шаарында криминалдык милициянын күнүн белгиленди
16:21, -ж., 5-октябрь

Ош шаарында криминалдык милициянын күнүн белгиленди

Ош шаарында криминалдык милициянын күнүн белгиленди

Бүгүн,5-октябрь күнүИчки иштер министрлигинин криминалдык милиция кызматыныны түзүлгөндүгүнө 103 жыл толду. 2019- жылга чейин бул кызмат кылмыш иликтөө бөлүмдөрү катары республиканын бардык аймактарында элдин коопсуздугун сактап келишкен. Ош ШИИБнын аянтчасында салтанаттуу түрдө бул даӊктүүдатабелгиленип, булкызматты үзүрлүү аркалап келе жаткан милициянын оперкызматкерлери сыйланышты. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага катышкандарды, криминалдык милициянын кызматкерлерин албашкармалыктын башчысы милициянын полковниги Акылбек Мамасейитов куттуктап, өз каалоо-тилектерин айтып өттү.

«Сиздер бүгүнкү күндөгү өз өмүрүн тобокелге салып, күнү-түнү кызмат өтөп жаткан коомдук коопсуздуктун алдыӊкыкатарындагысакчыларысыздар. Силердей кызматкерлерибиз бар болгону үчүн элибиздин уйкусу тынч. Дайыма тынчтыктын, жана мыйзамдуулуктун коргоочусу болуп жүрө бериӊиздер. Сиздерге бекем ден соолук каалаймын, ар бир баскан кадамыӊарды кызматтык ийгиликтер коштоп жүрсүн!»,- деди шаардык милиция башчысы А.Мамасейитов

Бул күнү ИИМдин «Мыкты кызматакер» төш белгиси менен 2 кызматкер, «Кыргыз милициясына 95 жыл» медалы менен 2 кызматкер, «ИИМдин кылмыш иликтөө кызматындагы артыкчылыгы үчүн» төш белгиси менен 4, ИИМдин «Ардак громатасы» менен 1 кызматкер сыйланды.

Андан сырткары Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын атайын буйругу менен 12 кызматкерге башкармалыктын ардак громатасы салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Милициянын бул кызматынын түзүлгөн күнүнүн 103 жылдыгы менен Ош шаарынын прокуратурасынын өкүлдөрү дагы келишип, белектерин тартуулашып, өз каалоо тилектерин айтышты.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...