• Башкы бет
  • Кара-Сууда кармалганайыл өкмөт башчы бир айга камалды
13:48, -ж., 5-октябрь

Кара-Сууда кармалганайыл өкмөт башчы бир айга камалды

Кара-Сууда кармалганайыл өкмөт башчы бир айга камалды

Оштогу Кара-Суу районунда коррупцияга шектелип кармалган айыл өкмөт башчы жана шериктери 1 айга камакка алынды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 30-сентябрда УКМКнын кызматкерлери тарабынан Жазык кодексинин 319-беренеси (коррупция) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында комплекстүү ыкчам тергөө иш-чаралардын жүрүшүндө Нариман айыл аймагынын башчысы Н.Х., анын шериги М.С., ошондой эле Кара-Суу районунун «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин мурдагы жетекчисинин милдетин аткаруучу Б.Б. кармалган.

Шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы кечээ, 4-октябрда Ош шаардык сотунда каралып, бир айга камакка алынды. Жактоочу Ош шаардык сотунун өкүмүнө макул болбой, апелляциялык арыз менен Ош облустук сотуна кайрылган. Шаардык соттун өкүмү 5 күндөн кийин күчүнө кирет.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...