• Башкы бет
  • Мурдагы депутат адам өлтүрүүгө шектелип кармалды
16:07, 2021-ж., 4-октябрь

Мурдагы депутат адам өлтүрүүгө шектелип кармалды

Мурдагы депутат адам өлтүрүүгө шектелип кармалды

Максат Касенов 2017-жылдагы иш боюнча кармалгандыгын досу Нурлан Абдыкадыров билдирди.

Касенов Каракол шаардык кеңешинин мурдагы депутаты. Ал 39 жашта. Жеке ишкерлик менен алектенет.

Касенов киши өлтүрүүгө аракет кылган деген шек менен кармалды.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Касеновду 2-октябрда камакка алды. Ал 30-октябрга чейин №50-тергөө абагында кармалууда.

Досу Нурлан Абдыкадыровдун айтымында, Касенов киши өлтүрүүгө аракет кылган деп шектелүүдө.

«2017-жылы болгон ишти козгоп жатышат. Анда 5 жыл ичинде карашпайт беле. Эми бийликти басып алууга шектүү дешти», - деди ал.

Социалдык тармакта Максат Касеновдун апасы Күлүй Тороеванын кайрылуусу да пайда болду. Ал баатыр эне жана Максат анын кичүү уулу. Күлүй апа аны менен чогуу жашайт. Максаттын беш баласы бар.

Кайрылууда ал уулун камактан бошотууну суранат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...