14:08
-ж., 29-февраль
Бишкек шаарында 30-сентябрда Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан республикалык «Жылдын мыкты мугалими-2021» кароо-сынагынын финалдык туру өткөрүлдү.
Сынактын жыйынтыгында Ош шаарындагы №52 «Кыргыз-түрк достугу» мектеп-лицейинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Илгиз Шамырзаев 1-орунду багындырды.
Ал эми 2-орунду Баткен облусунан Сагыналы кызы Бактыгүл ээледи.
3-орунду Бишкек шаарынан Гүлзат Жапарова камсыздады.
Комментарийлер