• Башкы бет
  • Таласта жол кырсыгынан улам 7 адам жаракат алды
13:02, 2021-ж., 4-октябрь

Таласта жол кырсыгынан улам 7 адам жаракат алды

Таласта жол кырсыгынан улам 7 адам жаракат алды

Талас шаарындагы унаа кырсыктан 7 адам жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, кырсык шаардын Ленин менен Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Аталган тилкеде «Форд Транзит» жана «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Кырсыктын кесепетинен 5 жигит, 2 кыз ар кандай жаракаттарды алды. Аларды тез жардам кызматкерлери алып кеткен.

Жаракат алган 5 эркек:

- 2002-жылы туулган С.Т.,

- 2001-жылы туулган Т.А.,

- 2000-жылы туулган Ю.С.,

- 2003-жылы туулган Р.Б.,

- 2003-жылы туулган Э. уулу Ж.

2 кыз:

- 2003-жылы туулган Б.А.,

- 2002-жылы туулган К.А.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...