14:08
-ж., 29-февраль
Кечээ, 1-октябрь Ош шаарында карылар күнү салтанаттуу белгиленип, ишканабыздын жетекчиси Бекмурза Эргешов көп жыл аталган ишканада эмгек кылган ардагерлерди чакырып сыйлады.
Б.Эргешов өз сөзүндө шаардыктарды жылуулук менен камсыздоодо эбегейсиз эмгек кылгандарын белгилеп, ден соолук каалады.
Оштогу муниципалдык "Жылуулук камсыздоо" ишканасы жетекчиликтин жана кызматкерлердин атынан ардагерлерге баалуу белектерди тапшырды.
Комментарийлер