• Башкы бет
  • Шашылыш билдирүү: Аба ырайы кескин төмөндөйт
14:35, 2021-ж., 1-октябрь

Шашылыш билдирүү: Аба ырайы кескин төмөндөйт

Шашылыш билдирүү: Аба ырайы кескин төмөндөйт

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 1-октябрдан 4-октябрга чейинки мезгилде аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектериндеги райондордо жамгыр карга айланып, тоолуу райондордо кар жаайт.

2-октябрда күндүз жана 3-октябрда кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаайт. Кээ бир жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

2-3-октябрда абанын күндүзгү температурасы төмөндөшү күтүлөт: Чүй өрөөнүндө 5...10 градуска чейин, Талас өрөөнүндө 4...9 градуска чейин, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 9...14 градуска чейин, Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык зонасында 4...9 градуска чейин, тоолуу райондордо 0...-5 градуска чейин үшүк жүрөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, жайытта мал багуу, кармоо, транспорттун, байланыштын, энергетиканын жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

3-5-октябрда түнкүсүн Чүй облусунун дыйканчылык зонасында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0...-2 градуска чейин үшүк жүрүшү күтүлөт. Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -2...-4 градуска чейин болот.

Мындай интенсивдүү үшүк жыйналбаган өсүмдүктөр үчүн коркунучтуу.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...