• Башкы бет
  • Президенттин басма сөз катчысы Саматбек Ибраевди президенттин атынан сүйлөбөөгө чакырды
09:59, -ж., 1-октябрь

Президенттин басма сөз катчысы Саматбек Ибраевди президенттин атынан сүйлөбөөгө чакырды

Президенттин басма сөз катчысы Саматбек Ибраевди президенттин атынан сүйлөбөөгө чакырды

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Жогорку Кеңештин депутаты Саматбек Ибраевдин сүйлөгөн сөзүнө комментарий берди.

Телеберүү учурунда С.Ибраев өзү чакырган орусиялык эксперт Владимир Фролов президент Садыр Жапаров менен жолукканын айтты.

«Садыр Нургожоевич бул экспертти жеке өзү кабыл алды. Текшерип, ага ынангандан кийин колдоо көрсөтүп жатат», - деген депутат өз сөзүндө.

Өз кезегинде президенттин маалымат катчысы депутатты президенттин атынан комментарий бербөөгө чакырды.

«Биз айрым депутаттарды президенттин атынан комментарий берүүдөн карманууга чакырабыз. Бул үчүн мамлекет башчынын басма сөз кызматы бар», - деди ал.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...