• Башкы бет
  • Ош шаарында «Ислам тынчтыктын тиреги» аталышындагы эл аралык конференция өттү
09:55, -ж., 1-октябрь

Ош шаарында «Ислам тынчтыктын тиреги» аталышындагы эл аралык конференция өттү

Ош шаарында «Ислам тынчтыктын тиреги» аталышындагы эл аралык конференция өттү

Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде «Ислам тынчтыктын тиреги» эл аралык илимий-практикалык конференциясы өтүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага Кыргызстандын муфтийи Замир Ракиев, Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Тойгонбай Абдыкаров, Россия Федерациясынын муфтийлер кеңешинин төрагасынын орун басары Дамир Муххединов, Ташкент шаарындагы борбордук «Убай ибни кааб» мечитинин имамы Абдулхаким Маткулов, Казакстандын муфтийи Наурызбай Утпинов, Түркия элчисинин дин иштери боюнча кеңешчиси Мүрсел Өзтүрк жана Ош шаарынын казысы Убайдулла Сарыбаев жана башкалар катышты.

Конференциянын катышуучулары диний темаларда баяндамаларды жасады. Ошондой эле муфтий Замир Ракиев «Исламдын жашоодогу орду» аталышындагы темада баяндама окуду. Ал эми Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Тойгонбай Абдыкаров ар түрдүү диний агымдарга бөлүнбөй, бир максатта иштөөгө чакырды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...