• Башкы бет
  • «Тарзанкадан» секирип каза болгон кыздын иши боюнча кылмыш иши кыскарды
09:52, -ж., 1-октябрь

«Тарзанкадан» секирип каза болгон кыздын иши боюнча кылмыш иши кыскарды

«Тарзанкадан» секирип каза болгон кыздын иши боюнча кылмыш иши кыскарды

Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнө караштуу Даңги участкасындагы «тарзанкадан» секирип каза болгон 26 жаштагы кыздын өлүмү боюнча кылмыштын курамы аныкталбагандыктан сотко чейинки өндүрүш иши кыскартылды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Маалым болгондой, 2021-жылдын 25-март күнү болжол менен саат 17:00 чамасында Россиянын жараны — 26 жаштагы З.Т. белгисиз себептерден улам «тарзанкадан» боюн таштап, жанын кыйган.

Бул факт Жазык кодексинин 136-беренесинин 1-бөлүмү (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Сотко чейинки өндүрүш иштин жүрүшүндө маркум Т.З.нын өлүмүнүн себебин аныктоо максатында 2021-жылдын 26-мартында Ош облустук соттук-медициналык экспертиза бюросу тарабынан соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, анын бийиктиктен кулагандан кийинки бир нече дене жаракаты аныкталган.

Ошондой эле тергөөнүн жүрүшүндө маркумдун кыздык белгиси бузулбаганы, ал эми анын канында 0,34% спирт ичимдиги бар экени белгилүү болгон. Андан сырткары аталган жазык иштин алкагында окуя болгон жерде күбөлөр суралып, жыйынтыгында өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү фактылары аныкталган эмес. Мындан улам Жазык кодексинин 136-беренесинин 1-бөлүмү (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) менен каралган жазык иши Кара-Суу РИИБдин тергөө кызматы тарабынан 10-июль күнү өндүрүштөн кыскартылган.

Жеке ишкер 2019-жылы Даңги участкасындагы окуя болгон жерди ижарага алып, банджи-жампинг (аттракцион) курган. Бирок жергиликтүү эл нааразы болуп, ишин токтотушкан. 2019-жылдан бери ал жер кароосуз турган. Аталган каргашалуу окуядан кийинайыл өкмөттүн жаштары аталган жайды бузуу талабын келтирип, «тарзанка» толугу менен алынган болчу.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...