09:48, -ж., 1-октябрь

Кара-Сууда 15 жаштагы кыз көз жарды

Кара-Сууда 15 жаштагы кыз көз жарды

Ош шаарында 15 жаштагы кыз бир тууган эжесинин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү менен төрөгөн. Бул тууралуу аймактык кабарчы өздүк булактарга шилтеме берүү менен билдирди.

Алдын ала маалым боюнча, 19-август күнү Ош шаардык төрөт үйүндө Кара-Суу районунун тургуну — 2006-жылы төрөлгөн кыз көз жарган.

Бул маалыматты Ош шаардык төрөт үйүнөн тастыкташты. Ал эми төрөт үйүнүн башкы дарыгери Дамира Ташмаматова: «Бизге Кара-Суу районунун 2002-жылы туулган тургуну А.Н. келип, эч жерге каттоого турбаганын айтып, 19-август күнү уул төрөгөн. Туулгандыгы тууралуу күбөлүктө сүрөтү жок болгон үчүн өзү экен деп эле кабыл алганбыз. Кыздын паспорту жок болгондуктан ымыркайга туулгандыгы тууралуу аныктама берген эмеспиз. Кечээ, 29-сентябрда, тактап айтканда арадан 40 күн өткөндөн кийин кыздын апасы келди. Ал "19-август күнү А.Э. аттуу кызым төрөдү эле, жашы жетпегени үчүн коркуп, эжесинин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү менен алып келгенбиз. А.Э.нин баласы деп маалым кат жазып бересиңерби?" деди.

Биз жашы жете элек кыз төрөгөнүн кечээ билдик. Эжеси да жаш болгондуктан 16-18 жаштагы кыздардын организмде көп деле айырма болбойт. Ошондуктан убагында билбей эле төрөткөнбүз. Кечээ апасы айтканда гана билип, укук коргоо органдарына өткөрүп бердик. Төрөгөндөн кийин эжеси төрөт үйүнөн үйүнө чыгарып кеткен экен. Негизи биз биринчи төрөт үйүнө келгенде тарыхча ачып, эжесинин документи менен каттап, ошону төрөдү деп жазганбыз. Аны соттун чечими менен гана өзгөртө алабыз», - деди ал.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...