• Башкы бет
  • Түштүк Кореянын президентти иттин этин тамакка кошпоо сунушун берди
10:11, -ж., 30-сентябрь

Түштүк Кореянын президентти иттин этин тамакка кошпоо сунушун берди

Түштүк Кореянын президентти иттин этин тамакка кошпоо сунушун берди

Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин иттин этин тамак-ашка колдонууга тыюу салуу сунушун айтып чыккан. Анын сунушун 50 чакты коомдук бирикмелер колдоого алды, деп жарыялады «Sky News» агенттиги.

Президент Мун Чжэ Ин премьер-министр Ким Бу Кюм катышкан брифингде бул маселени карап чыгууну сунуштаган болчу. Ага удаа Кореянын жаныбарларды коргоо ассоциациясы жана 44 улуттук коомдук бирикмелер маалымат жыйын уюштуруп, бул демилгени колдой турганын жарыялашты.

2020-жылы «Nielsen для Humane Society International» жүргүзгөн сурамжылоонун жүрүшүндө түштүк кореялыктардын 84 пайызы иттин этин эч качан жебегенин жана келечекте пайдаланбай турганын айтышкан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...