• Башкы бет
  • Кубанычбек Бөкөнтаев Улуттук банктын төрагасы болуп шайланды
10:09, 2021-ж., 30-сентябрь

Кубанычбек Бөкөнтаев Улуттук банктын төрагасы болуп шайланды

Кубанычбек Бөкөнтаев Улуттук банктын төрагасы болуп шайланды

Жогорку Кеңеш кечээ, 29-сентябрда Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагалыгына Кубанычбек Бөкөнтаевдин талапкерлигин жактырды.

Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин башчысынын орун басары Гүлшат Асылбаева айткандай, комитет Кубанычбек Бөкөнтаевдин талапкерлигин жактырды жана регламентке ылайык жабык электрондук добуш берүүнү сунуштады.

Жалпы 95 депутат катталып, 76 депутат «макул», 5 эл өкүлү «каршы» деп добуш берди.

Мыйзамга ылайык, Улуттук банктын төрагасы 7 жылдык мөөнөткө шайланат.

  • Улуттук банктын мурунку төрагасы Толкунбек Абдыгулов башка кызматка которулганына байланыштуу өз арызынын негизинде кызматтан кетти. Өзүнүн айтымында, президент Эл аралык валюта фондуна Кыргызстандын атынан кеңешчи болууну сунуштаган.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...