• Башкы бет
  • Коомдук жайда тамеки чегүүгө тыюу салган мыйзам күчүнө кирди
10:14, -ж., 29-сентябрь

Коомдук жайда тамеки чегүүгө тыюу салган мыйзам күчүнө кирди

Коомдук жайда тамеки чегүүгө тыюу салган мыйзам күчүнө кирди

Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамеки, никотин кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 29-июлунда кабыл алынган.

Документтин максаты — Кыргыз Республикасынын калкынын саламаттыгын тамекини колдонуунун кесепеттеринен коргоо, ошондой эле Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун тамекиге каршы күрөшүү боюнча конвенциясын реализациялоо.

«Мыйзам тамеки каражаттарынын бардык түрлөрүн, никотинди жеткирүүнүн электрондук системаларын колдонууга көзөмөл орнотуу жана бардык тамеки каражаттарынын жарнамасына толук тыюу салуу аркылуу, тамекиге жана тамеки каражаттарынын бардык түрлөрүнө каршы күрөшүү боюнча нормаларды жакшыртууга жана чараларды күчөтүүгө багытталат», - деп айтылат маалыматта.

Тактап айтканда, коомдук жайларда, тамеки, электрондук тамеки, кальян жана башка аралашмаларды тартууга тыюу салынат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...