10:09, 2021-ж., 29-сентябрь
Кыргызстанда айрым жергиликтүү кеңештин депутаттары 28-ноябрда шайланат

Кыргызстандагы айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттары 28-ноябрда шайланат. Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» жарлыкка кол койгонун басма сөз кызматы билдирди.
28-ноябрда жергиликтүү кеңештин депутаттары шайлана турган аймактар:
- Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айылдык кеңеши;
- Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңеши;
- Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңеши;
- Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңеши.
28-ноябрда Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаттары да шайланат.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
ТОП новости
Атайын тема
live comments feed...
Комментарийлер