14:08
-ж., 29-февраль
14-октябрга чейин бир мандаттуу округдар боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссияга шайлоого катышуу тууралуу билдириши керек. Бул тууралуу БШКнын төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров 28-сентябрда радионун эфиринде билдирди.
Анын айтымында, документтерди 18-октябрга чейин тапшырса болот.
27-сентябрда саат 18.00гө карата Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссияга бир мандаттуу округдарда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышууну каалаган 40 талапкерден арыз түштү.
Комментарийлер