15:36
Кечээ
Ош шаарында бюджетти максатсыз пайдаланган муниципалдык ишкананын жетекчилерин жумуш ордунан бошотуу керек. Мындай пикирин көпчүлүк коалициянын лидери Бекболот Арзыбаев кечээ, 28-сентябрда шаардык кеңештин кезектеги сессиясында билдирди.
Анын айтымында, айрым ишканалар бюджетти максатсыз пайдалангандыгы тууралуу тиешелүү далилдер бар. Ал Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу ишканасынын жетекчисин жана Салык кызматынын аймактардагы башкармалыктарынын жетекчилерин мисал катары айтты.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Нызылбеков бул маселе боюнча иш алып барылып, тиешелүү чаралар көрүлө турганын билдирди.
Комментарийлер