09:59, -ж., 29-сентябрь

Электр энергиясы боюнча рейд жүрөт

Электр энергиясы боюнча рейд жүрөт

«Улуттук энергетикалык холдинг» компаниясы бөлүштүрүүчү компанияларга өлкөнүн бардык аймагында эртең менен жана кечкисин рейддерди өткөрүү тууралуу билдирүү берди. Бул маалыматты «Tazabek» редакциясына булактары билдирген.

Рейддин максаты — кафе, ресторан, мончо, сауна, парктар, дүкөндөр жана башка ушул сыяктуу жайлардагы жарнамалык жана көчө жарыктарын өчүрүү. Мындай билдирүү «Түндүк электр», «Чыгыш электр», «Ош электр» жана «Жалалабатэлектр» мекемелерине берилген.

Мындай буйрукка «Улуттук энергетикалык холдинг» компаниясы башкармалыгынын төрагасынын орун басары Замирбек Ходжомамбетов27-сентябрда кол койгон.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...