
14:05, 2021-ж., 28-сентябрь
Ош мэриясы Кытай компаниясы менен эки тараптуу меморандумга кол койду

Ош шаарынын мэриясы «Чайна Роад» компаниясы менен эки тараптуу кызматташуу боюнча меморандумга кол койду
Кечээ, 27-сентябрда Ош шаарына Кытай Эл Республикасынын “Чайна Роад” компаниясы Кыргызстандагы өкүлчүлүгү эки тараптуу кызматташууда пландалган долбоорлорду жеринен көрүү максатында келишти. Кытай корпорациясынын Кыргызстандагы жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу боюнча өкүлчүлүгүнүн башкы директору Хоу Хусян баштаган жумушчу топту Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев кабыл алды.
Андан соң, компаниянын өкүлдөрү Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов менен биргеликте жолдорду, көпүрөлөрдү, тыгын учурдагы абалдарды, таштанды талаасын жана башка жерлерди жеринен көрүп келишти.
Таанышуунун соңунда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов жана «Чайна Роад» компаниясынын өкүлү Хоу Хусян менен эки тараптуу кызматташуу боюнча, жолдорду оңдоп-түзөөдөн өткөрүү жана куруу, таштандыларды кайра иштетүүчү заводдорду куруу боюнча меморандумга кол коюшту.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
16:36
-ж., 23-сентябрь
16:33
-ж., 23-сентябрь
16:30
-ж., 23-сентябрь
16:27
-ж., 23-сентябрь
16:23
-ж., 23-сентябрь
15:36
-ж., 22-сентябрь
15:33
-ж., 22-сентябрь
15:31
-ж., 22-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
19:36, -ж., 17-сентябрь
10
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
live comments feed...
Комментарийлер