• Башкы бет
  • Ошто "Түштүк Экспо-2021" көргөзмө-жарманкеси өтүүдө
14:02, -ж., 28-сентябрь

Ошто "Түштүк Экспо-2021" көргөзмө-жарманкеси өтүүдө

Ошто "Түштүк Экспо-2021" көргөзмө-жарманкеси өтүүдө

Бүгүн, 28-сентябрь күнү Ош шаарындагы Султан Ибраимов атындагы улуттук драма театрында «Түштүк Экспо-2021» эл аралык универсалдуу көргөзмө-жармаңкеси өтүп жатат. Иш-чарага 500дөн ашуун жергиликтүү ишкерлер, чет өлкөнүн элчилери, дипломаттар, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышканын президенттин Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Алайчиев билдирди.

Анын айтымында, иш-чаранын алкагында чет өлкөдөн келген коноктор Ош облусундагы бир катар ири ишканалар менен таанышып, жергиликтүү ишкерлер менен кызматташуу тууралуу келишимдер түзүлүүдө.

«Түштүк Экспо-2021” эл аралык көп тармактуу көргөзмө-жармаңкесинин максаты Ош облусунда эл аралык соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, мындан ары бекемдөө, инвестиция тартуу жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн өндүргөн товарларын экспорттоого колдоо көрсөтүү болуп саналат. Бул иш-чара 2017-жылы башталган, учурда бешинчи иш-чараны өткөрүп жатабыз. Биринчи жылы баштаганда кошуна өлкө Өзбекстандан 170 ишкер келип, бир катар келишимдер түзүлгөн», - деди Бактыбек Алайчиев.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...