
13:59, 2021-ж., 28-сентябрь
Оштун мэри Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлеринин баарын кызматтан кетирүү керектигин айтты

Бүгүн, 28-сентябрда Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында муниципалдык менчик башкармалыгынын бардык кызматкерлерин жумуштан бошотуу сунушу айтылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун айтымында, сөзсүз бюджетти көтөрүү керек.
«Ар тараптуу багыттарды карап жатабыз. Азыр Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы боюнча көп кеп айтылып жатат. Мага чейин жетип жатат ушул кептер. Бул ишканынын жетекчисин эмес, баарын жумуштан алыш керек. Болбосо иштей тургандай кылабыз. Анан жаңы система иштесе, ошол ижарага берилген жерлердин мөөнөтү бүтөрү менен сигнал болот. Мындай система буга чейин Балыкчыга, Токмокко кирген», - деди Мамбетов.
Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгын Семетеев Ашимжан Эргешович жетектейт.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
15:36
Кечээ
15:31
Кечээ
15:29
Кечээ
14:58
-ж., 21-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
19:36, -ж., 17-сентябрь
8
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
live comments feed...
Комментарийлер